• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Өзгөчө кырдаалдар министри өлкөнүн түштүк аймагында иш сапарында жүрөт

Аймак 0

Бишкек, 14.09.20 /Кабар/. Бүгүн, 14-сентябрь күнү өзгөчө кырдаалдар министри Замирбек Аскаров алдын алуу иштерин жүргүзүү үчүн Баткен облусунун аймагындагы кооптуу объектерди кыдырып, жеринен тиешелүү чечимдерди кабыл алууда. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, министр иш сапарын Баткен облусунун Кадамжай шаарындагы Көтөрмө айыл аймагынын Кызыл-Булак айылындагы Кызыл-Булак участкасын сел жүрүүчү сай менен таанышуудан баштап, ага Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан товардык материалдык баалуулуктар бөлүнөрүн карап чыкты.

Ошондой эле ал Кадамжай шаарындагы Орозбеков айыл аймагында жайгашкан Охна сайынын 2020-жылдын 13-26-28-июль күндөрү болуп өткөн селден кийинки габион торчосун орнотуу жумуштарын жеринен көрдү.

Охна сайынын Жоокесек, Бостон, Күлдү жана Учкун участкаларына ӨКМ тарабынан бөлүнгөн 680 даана габион торчолорун орнотуу жумуштары жүрүүдө. Замир Аскаров маселени жеринде карап, тиешелүү башкармалыктарга тапшырма берди.

Пикир

Оставить комментарий