• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Министр: Өзбекстанда мугалимдердин айлыгы 1000 долларга чейин көтөрүлөт

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек. 27.03.19 /Кабар/. Өзбекстанда мугалимдердин айлыгы сөзсүз түрдө 1000 долларга чейин көтөрүлөт. Бул тууралуу өлкөнүн Билим берүү министри Шерзод Шерматов Ташкентте өткөн пресс-конференцияда билдирди.

Анын айтымында, өлкөдө мугалимдердин статусун көтөрүүгө көңүл бурулууда, алардын материалдык абалын оңдоо боюнча иштер жүрүүдө.

Ошондой эле министр президент Мирзиёев мугалимдердин айлыгын 1000 долларга чейин көтөрүү тууралуу сөзүн эске салды.

"Биз сөзсүз ошол деңгээлге жетебиз", - деди министр. Бирок Шерматов мугалимдердин айлыгы качан көтөрүлөрүн тактаган жок.

Эске салсак, 2018-жылдын 1-сентябрында мугалимдердин айлыгы бир аз көтөрүлгөн. Жаңы сеткага ылайык, мугалимдер категориясына жараша 190 доллардан 262 долларга чейин маяна алышат.

Пикир

Оставить комментарий