• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Министр Жаманкулов "Ак үйдүн" алдына чогулган циркачтардын талаптарын укту

Коом 0

Бишкек, 21.01.19. /Кабар/. КРнын Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов “Кабар” маалымат агенттигине "Ак үйдүн" алдына чогулган циркачтардын талаптары тууралуу айтып берди.

Анын айтуусунда, алар цирк жетекчилигинин бош турган ордуна өздөрү тандаган талапкерди дайындоону талап кылышууда.

Эске сала кетсек, цирктин кызматкерлери жетекчилик кызматына цирк династиясына кирген Аида Акматованы дайындоону талап кылышууда. Алардын айтуусунда, маданият министрлиги цирктин жетекчилигин дайындоо боюнча маселени кечеңдетүүдө.

Жаманкулов билдиргендей, бүгүнкү күндө Аида Акматованын талапкерлигин цирктин бардык жамааты эмес, айрым адамдар гана көрсөтүп жатышат.

“Бүгүнкү күнү биз бул кызмат орунга татыктуурагын кароодобуз. Талапкерлердин арасында чындыгында эле балетмейстер, режиссер жана Аида Акматова да бар. Бул кызматка талапкер адам атайын квалификациялык талаптарга жооп бериши керек”, - дейт Жаманкулов.

Атап айтканда, үч жылдан кем эмес административдик-башкаруу жаатында иштөө тажрыйбасы жана тийиштүү билими болуш керек.

“Бул талаптарга аз адамдар гана жооп берет. Ошондой эле цирктин жамаатынын ичинен бул кызматка дагы бир айым – Аслан Айым өз талапкерлигин коюуда”, - деп кошумчалады министр.

Азамат Жаманкулов цирктин директорун эки-үч күндүн ичинде дайындоо пландалып жаткандыгын кошумчалады.

Пикир

Оставить комментарий