• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Министр Жаманкулов Ала-Бука районундагы “Шах Фазиль” тарыхый-архитектуралык комплексине барды

Маданият 0

Бишкек, 02.10.20. /Кабар/. Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Ала-Бука районундагы “Шах Фазиль” тарыхый-архитектуралык комплексине барып, оңдоп- түзөө жана реставрациялык иштер менен жеринде таанышып чыкты. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, иш сапардын алкагында корук музейдин аймагында жайгашкан эстеликтерде келечекте боло турган реставрациялык иштердин планы жана корук-музейдин жер тилкелерин “Шах Фазиль” мамлекттик тарыхый-маданий корук-музейинин балансына өткөрүп берүү маселелери талкууланды.

Талкуу учурунда министр тез аранын ичинде 2017-жылы бекитилген коргоо чөлкөмүнө ылайык, музейге тиешелүү жалпы аянты 8,62 га жер тилкесин тарыхый-маданий мурас багытында пайдалануу үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын чечимдерин чыгаруу жана мамлекеттик актысын алуу тапшырмасы берди.

Эске салсак, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 25-декабрындагы №811 токтомуна ылайык, "Шах - Фазил" Мамлекеттик тарыхый-маданий музей-коругу болуп түзүлгөн. Музей-коруктун аймагынын коопсуздугун жана натыйжалуу башкарылышын камсыз кылуу максатында коргоо зоналары 2017-жылы иштелип чыгып, бекитилген.

"Шах-Фазил" Мамлекеттик тарыхый-маданий музей-коругунун аймагында тарыхка жана маданиятка бай уникалдуу “Шах-Фазил” күмбөзү, “Сафид-Булан” күмбөзү, Ислам дининин 2700 жоокеринин (шахидинин) күмбөзү, “Ходжа Аламдар” күмбөзү “Кыргын” мечити, “Шахиддердин мүрзөсү”, “Мазар” конушу (VIII-XII кылымдар), Жарак-Тепе дөбөсү, XIX кылымдагы мечит, "Ыйык Таш", Көлмө, V-XVIII кылымдарга чейинки маданий катмар орун алган. Бул эстеликтерди Борбордук Азиянын, анын ичинде Фергана өрөөнүнүн калкы урматташат, ошондой эле диний зыярат кылуучу жер болуп эсептелинет.

Эң баалуу архитектуралык эстелик - Шах Фазил күмбөзүнүн архитектуралык мурасынын шедеври (XI кылым), ал оюп жасалган уникалдуу архитектуралык декорду түзөт.

Эске салсак, аталган мамлекеттик тарыхый-маданий музей-коругунун аймагында жайгашкан “Шах-Фазил” жана “Сафид-Булан” күмбөзүндө 2015-жылдан бери оңдоо жана калыбына келтирүү иштери республикалык бюджеттин жана демөөрчүлөрдүн эсебинен жүргүзүлүп жатат. Бул объект ЮНЕСКОнун Бүткүл дүйнөлүк мурастарды киргизүү боюнча болжолдуу тизмесине кирген.

Пикир

Оставить комментарий