• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

Министр Жаманкулов Баткендеги маданият мекемелеринин абалы менен таанышып кайтты

Аймак 0

Бишкек, 28.10.19. /Кабар/. Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов Баткен облусундагы маданият мекемелеринин абалы менен жеринен таанышып чыкты, - деп билдирет министрликтин басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, министр Жаманкулов Баткен облусуна болгон иш сапарынын алкагында маданият тармагына караган мекемелердин имараттарына барып, жеринен таанышып чыккан. Таанышуунуун алкагында мекеме жетекчилери, эмгек жамааттар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, учурдагы болуп жаткан ийгиликтер жана көйгөйлөр ортого салынды.

"Министр иш сапар учурунда А. Жайнаков атындагы Баткен облустук драма театрында, Баткен райондук маданият үйүндө, облустук китепканада, облустук телерадиокомпанияда жана “Баткен таңы” облусттук гезиттин редакциясында, Кадамжай райондук маданият үйү, китепканасында, А. Орозбеков атындагы музейде, "Жаштык" кинотеатрында жана Кадамжай райондук “Эл жарчысы” редакциясында болду", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий