• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Министр Жаманкулов Каракол шаарындагы маданий мекемелердин абалы менен таанышып чыкты

Маданият 0

Бишкек, 28.11.21. /Кабар/. Маданият, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов Каракол шаарына иш сапары менен барды, - деп билдирет ведомствонун басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, аталган иш сапар 2022-жылы Каракол шаары КМШ мамлекеттеринин маданий борбору катары кабыл алынышы менен негизделет.

Иш сапардын алкагында Азамат Жаманкулов президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Мирбек Кожоев, Каракол шаарынын мэри жана мекеме жетекчилери менен биргеликте Каракол шаарында жайгашкан бир катар маданият жана спорт мекемелеринин абалы менен таанышып, жакынкы аралыкта чечүүгө муктаж маселелер жеринде талкууланды.

Министр эл аралык деңгээлде өтө турган иш-чаралардын өз убагында жана сапаттуу аткарылышын камсыздоо максатында министрлик тарабынан комплекстүү иш-чаралар биргеликте аткарыла тургандыгын айтты.

Мындан улам 2022-жылга карата даярдыкты күчөтүүнү жана маданий жана спорт имараттарын оңдоп-түзөө иштерин тездетип жүргүзүү керектигин макулдашты.

Жаманкулов Каракол шаардык стадионунун, К. Жантөшев атындагы Ысык-Көл облустук драма театрынын, Сүрөт көргөзмө залынын жана Аймак таануу музейинин абалы менен жеринен таанышып чыккан.

Эске салсак, 2020-жылдын 18-декабрында Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин мамлекет башчыларынын кеңешинде 2022-жылы “Шериктештиктин маданий борборлору” мамлекеттер аралык программасын Кыргыз Республикасында ишке ашыруу боюнча чечими кабыл алынган. Чечимге ылайык, Каракол шаары 2022-жылы Шериктештиктин маданий борбору болуп жарыяланган.

Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештиги 2011-жылдан бери жыл сайын “Шериктештиктин маданий борборлору” долбоору ишке ашып келет.

Бул программа маданият чөйрөсүндө мамлекеттер аралык өз ара аракеттенүүнүн натыйжалуу куралы болуу, экономикалык жана саясий кызматташуу үчүн жагымдуу климатты түзүүгө, ошондой эле гуманитардык, социалдык, экономикалык жана инфраструктуралык өнүктүрүүгө багыт алат.

Бул мүмкүнчүлүк менен маданий борбор болгон шаар өздөрүнүн бай тарыхын жана өзгөчө маданиятын толугураак ачып берүүгө, коомдун көңүлүн алардын эбегейсиз мурастарына бурууга шарт түзөт.

Пикир

Оставить комментарий