• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Министр Жаманкулов КР эл артисти Замирбек Сооронбаевдин абалынан кабар алды

Маданият 0

Бишкек, 28.03.19. /Кабар/. Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов КР эл артисти Замирбек Сооронбаевдин абалынан кабар алды

Ведомствонун басма сөз кызматынан кабарлашкандай, министр Замирбек Сооронбаев менен жубайы, КРнын эмгек сиңирген артисткасы Калича Сейдалиеваны эл аралык театр күнү менен куттуктады.

"Жолугушуу учурунда министр Замирбек Сооронбаевге бекем ден-соолук каалап, сахнага арнаган чыныгы актердук чеберчилик жана аткарган ролдору, учурдагы театр тармагында болуп жаткан жаңылыктар тууралуу баарлашты", - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, 2015-жылы Замирбек Сооронбаевдин кан басымы көтөрүлүп, инсульт болуп жыгылып, баспай калган.

Замирбек Сооронбаев сахнада каармандарынын ички дүйнөсүн, мүнөзүн таасын ача билген актёр катары таанылып, көптөгөн ролдорду жогорку чеберчилик менен аткарган.

Масадык (Т. Абдумомунов, "Абийир кечирбейт"), Рикардо (Лопе де Вега, "Бий мугалими"), Олжобай (Ж. Абдыкадыров, "Олжобай менен Кишимжан"), Шамил (Б.Өмүралиев,"тагдырдын өгөй балдары"), Бекингем (У. Шекспир, Ричард III"), Чолпонбай (Т. Абдумомунов, "Чолпонбай"), Жоробай (Т. Абдумомунов, "Жоробайдын үйлөнүшү"), Семетей(Ж. Садыков, "Манастын уулу Семетей"), Алманбет (Ж. Садыков, "Айкөл Манас"), Күлчоро (Ж. Садыков, "Сейтек"), Канчоро (Ж. Садыков,"Сейтек") Узак (К. Акматов, Ж.Кулмамбетов, "Мунабия"), Тыныбек (Ж.Кулмамбетов, "Кагылайын, Манасым!"), Миндөөлөт (Ч. Айтматов, М, Шаханов, "Сократты эскерүү түнү"), Тибальт (У. Шекспир, "Ромео жана Жульетта") жана кинофильмдерге, телеспектаклдерге да тартылган.

Пикир

Оставить комментарий