• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

Министр Жаманкулов кыргыз циркинин иши менен таанышты

Коом 0

Бишкек, 07.02.20. /Кабар/. Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов кыргыз циркинин иши менен таанышып, эмгек жамааты менен жолукту. Бул тууралуу министрликтен билдиришти.

Министр эмгек жамаат менен жолугушуу учурунда, циркте иштеген кызматкерлер үчүн мурунку жылдарга караганда шарт түзүлүп, оңолуп жаткандыгын белгиледи. Ал өз сөзүндө, кыргыз циркинин жандануусуна шарт түзүү максатында тиешелүү аракеттерди көрөөрүн белгилеп, цирк жетекчилигине чыгармачылык менен алектенүү, кыргыз циркинин кереметин алып чыгуу тууралуу пикирлерди айтты.

“Бүгүнкү күндө 2023-жылга чейин циркти өнүктүрүү максатында атайын концепция иштелип чыгып, бекитилди. Учурда аны ишке ашыруу боюнча кадамдар башталып жатат”,- деп билдирди цирктин директору Фархад Бекмамбетов.

Директордун маалыматына ылайык, жетекчилик тарабынан инвестиция, демөөрчүлөрдү тартуу жана цирктин өздүк эсебине келип түшкөн акча каражаты 4,5 млн сомду түзүп, имараттын ичине оңдоп-түзөө иштери жасалган. Алар, электрдик камсыздоо, жаныбарларды кармоочу жай (атканалар), ажатканалар, суу түтүктөрү оңдоп-түзөөдөн өткөн.

“Ал эми, чыгармачылык жактан жакынкы аралыкта жаңы “Жигитовканы” кайрадан калыбына келтирип, эл алдына алып чыгууну пландап жатат. Бул иш-аракеттерди ишке ашыруу үчүн, жигиттер үчүн атайын аттар алынып, иштер жүрүүдө”, - деп кошумчалады Бекмамбетов.

Белгилей кетсек, бүгүнкү күндө А.Изибаев атындагы Кыргыз улуттук циркинин кызматкерлери мамлекеттик деңгээлдеги иш-чараларга активдүү катышып келет.

Пикир

Оставить комментарий