• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Министр Жаманкулов Лейлек районундагы маданият мекемелеринин абалы менен жеринде таанышып чыкты

Маданият 0

Бишкек, 12.03.20. /Кабар/. Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов Баткен облусуна караштуу Лейлек районуна болгон иш сапарынын алкагында маданият мекемелери менен жеринен таанышып чыкты. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, сапардын жүрүшүндө маданият мекемелеринин инфрастуктурасы менен таанышып, аны ишке ашыруу долбоорлорун мекеме жетекчилери менен талкуулап, каржылоо планы түзүлдү.

Белгилей кетсек, министр Жаманкулов Лейлек районуна болгон иш-сапардын алкагында Исхак Раззаков атындагы музейине, Лейлек райондук музыкалык мектебине, Балдар китепканасына, К.Сабыров атындыгы райондук китепканага, Лейлек райондук маданият үйүнө, ошондой эле Сүлүктү шаардык борбордук китепканасына, Сүлүктү шаардык тарыхый музейине, Сүлүктү шаардык балдардын искусство мектебине, маданият сарайына жана Кош-Булак айылындагы шаардык китепкананын филиалына барып, эмгек жамааттары менен жолугушкан.

Пикир

Оставить комментарий