• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Министр Жаманкулов тарых музейи качан ачыларын айтты

Коом 0

Бишкек, 24.12.18. /Кабар/. Мамлекеттик тарых музейи 2019-жылы ачылат. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйыны учурунда билдирди.

Анын айтымында, музейди реконструкциялоо боюнча козголгон кылмыш ишинин тергөөсү аягына келип, бир ай ичинде териштирүүлөр жыйынтыкталат.

“Музей качан ачыларын тергөө иш-чаралары аяктагандан кийин гана айта алабыз. Бирок келе жаткан жайкы туристтик мезгилге карата ал ачылышы керек”, - деди министр.

Белгилей кетсек, тарых музейнинин ачылышы 2018-жылдын башынан тарта үч ирет жылдырылган. Башында ал март айында ачылат деп айтылган. Кийинчерээк музейдин ачылышы Кыргызстандын көз карандысыздык күнүнө – 31-августка жылдырылган.

Социалдык тармактарда музей экспозициясынын сметалык баалары, мисалы 14 миң евролук жыгач аттар, 142 миң еврого алынган эмеректер тууралуу айтылгандан кийин май айында Жогорку Кеңештин депутаттары музейге барып келишкен. Тарых музейин реконструкциялоонун айланасында 5 берене боюнча кылмыш иши козголгон. Учурда УКМКнын коррупцияга каршы кызматы оңдоо иштерине кеткен чыгымдарды иликтеп жатат. Иликтөөнүн жыйынтыктары тууралуу толук маалымат чыга элек.

Пикир

Оставить комментарий