• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Министрдин орун басары Эне жана баланы коргоо борборундагы коронавирус жуктурган учурлар тууралуу айтып берди

COVID - 19 0

Бишкек, 07.05.20. /Кабар/. Бүгүн өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев Эне жана баланы коргоо борборунун гематология бөлүмүндө болгон коронавирус жуктурган учурлар тууралуу айтып берди.

"Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун гематология бөлүмүндөгү абал тууралуу мурда айтылган. Ал жерде 17-24-апрель күндөрү бир эне баласы менен дарыланууда болгон. Ооруканадан чыккандан кийин алар кичине убакыт Бишкекте болуп, Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районуна кетишкен. Ал жактан алдын алуу чарасы катары алардан анализ алынып, коронавируска текшерүү жүргүзүлгөн. Анын жыйынтыгында аларда коронавирус аныкталган. Андан кийин Бишкекке кабар жөнөтүлгөн. Бул жакта бөлүмдө эпидемияга каршы чаралар көрүлүп, бардык кызматкерлер, бейтаптар жана аларды карагандар текшерилген. Текшерилгендердин ичинен 7 адамда коронавирус аныкталган. Алар стационарларга которулган. Алардын экөө гематология бөлүмүнүн медицина кызматкери. Ошондой эле дарыланууда болгон балдар жана аларды караган 3 эне ооруканага которулган", - деди ал.

Анын айтымында, учурда ал жерде иштеген кызматкерлер обсервацияга алынган.

"Аларга медициналык көзөмөл жүргүзүлүүдө. Лабораториялык изилдөөлөр жүргүзүлдү. Ал бөлүмдө дарылануу үчүн жаңы келгендер кабыл алынбай эле. Ал жерде болгон бейтаптар катуу көзөмөлдө өз дарылануусун улантууда. Обсервация мөөнөтү аяктагандан кийин ал бөлүмдүн иштеши боюнча маселе каралат", - деди ал.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 7-майга карата коронавирус жуктурган 24 жаңы учур катталды. Азыркы тапта өлкөдө коронавирус жуктурган учурлардын саны 895ти түзөт. Алардын ичинен 637 адам коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылган. Коронавирус жуктурган 12 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий