• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Министрлер кабинети 2022-жылга Антикризистик чаралар планын бекитти

Экономика 0

Бишкек, 24.03.22. /Кабар/. КР министрлер кабинети социалдык-экономикалык чакырыктарга ыкчам аракеттенүү боюнча министрлер кабинетинин жыйынында 2022-жылга Антикризистик чаралар планын бекитти.

КР министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жыйындын жүрүшүндө вефраль айынын аягында башталган дүйнөдөгү геосаясий чыңалуунун кескин күчөшү артыкчылыктуу максаттарды жана милдеттерди кайра карап чыгуунун зарылдыгына алып келгенин белгиледи.

“Өлкөдө социалдык-экономикалык туруктуулукту ыкчам камсыздоого багытталган чечимдер дароо кабыл алынды”, - деди ал.

Ошондой эле Акылбек Жапаров кабыл алынган чаралар дүйнөлүк экономикалык системадагы кайра куруудан улам келип чыккан тышкы терс факторлордун таасири олуттуу күчөгөн шартта калкты жана бизнести мамлекеттик колдоого багыттала турганын белгиледи.

Социалдык маанидеги товарларга баалардын кескин көтөрүлүшүн текшилөө жана болтурбоо үчүн товардык интервенциялар жүргүзүлөт, ал үчүн өлкөнүн мамлекеттик материалдык резервине азык-түлүктү өз убагында сатып алуу камсыз кылынат.

Өндүрүш тармагындагы кшкерлерди колдоо үчүн чет элдик жана улуттук вальюта менен алынган насыяларды конвертациялоо мүмкүндүгү болжолдонууда, ошондой эле чет өлкөдөн негизги товарларды жана тамак-аш азыктарын ташуучуларды чет элдик валюта менен камсыздоо маселесин иштеп чыгуу күтүлүүдө.

“Үстүбүздөгү жылдын апрель айынан тартып социалдык чөйрөнүн кызматкерлеринин айлык акысы масштабдуу көтөрүлөтю пенсия, жөлөк пул, бюджеттик чөйрөнүн кызматкерлеринин айлык акысын көтөрүүгө 35 млрд сомго жакын каражат бөлүндү”, - деди Жапаров.

Валюта курсунун өйдө-төмөндүгүнөн көз карандылыкты азайтуу үчүн соодадагы өнөктөш өлкөлөр менен импорттук-экспорттук операцияларды улуттук валютада жүргүзүү боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлөт.

Ата мекендик товарларга ички суроо-талапты өстүрүүгө түрткү берүү боюнча чаралар кабыл алынат.

Ошондой эле мамлекеттик бюджеттин туруктуулугун камсыздоо чаралары каралган, ал үчүн республикалык бюджеттин айрым корголбогон беренелери боюнча чыгымдар кризиске каршы иш-чараларды каржылоого каражаттарды кайра багыттоо менен 30%га чейин оптималдаштылат.

“Республиканын эгемен тарыхында биринчи жолу антикризистик план каржы ресурстары менен бекитилип жатат жана декларативдүү мүнөздү камтыбайт. Биз дүйнөдөгү абалды өзгөртө албайбыз, бирок өлкөнү каатчылыктан чыгарып кетүүгө күчүбүз жетет. Биз мындан дагы жаман абалга даярбыз”, - деди министрлер кабинетинин төрагасы.

Пикир

Оставить комментарий