• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

«Айыл банкка» өзүнчө кредиттик линия ачуу жана айыл чарба техникасын лизингге берүү үчүн каражат бөлүндү

Өкмөт 0

Бишкек, 07.10.21. /Кабар/. Азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо жана товар өндүрүүчүлөрдү айыл чарба жана башка техника менен камсыздоодо мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатында «Айыл банк» ачык акционердик коомуна өзүнчө кредиттик линия ачуу үчүн 426,6 млн сом бөлүндү. Тийиштүү чечимге министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов кол койду, - деп билдирет министрлер кабинетинин басма сөз кызматы.

Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигине белгиленген тартипте өзүнчө кредиттик линия ачуу жана айыл чарба, кайра иштетүүчү техниканы, тамчылатып сугаруу үчүн жаадырып сугаруучу машиналарды лизингге берүү үчүн «Айыл банк» ачык акционердик коомуна Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын кайтарым эсептеринде топтолгон 426 677 758 (төрт жүз жыйырма алты миллион алты жүз жетимиш жети миң жети жүз элүү сегиз) сом өлчөмүндөгү буга чейин берилген гранттар жана кредиттер боюнча финансы каражаттарын берүүсү тапшырылды.

«Айыл банк» ачык акционердик коомуна чарба жүргүзүүчү субъекттерге айыл чарба, кайра иштетүүчү техниканы, тамчылатып сугаруу үчүн жаадырып сугаруучу машиналарды жана жабдууларды төмөнкүдөй шарттарда лизингге берүү сунушталды:

1) лизингдин мөөнөтү – 10 жылга чейин;

2) пайыздык ставка – жылдык 4,5 пайыз;

3) баштапкы салымдын өлчөмү – лизингдин предметинин акчалай түрдөгү наркынын 10 пайызынан кем эмес;

4) күрөөлүк камсыздоо (лизингдин предмети);

5) карызды төлөө графиги бузулган учурда ар бир мөөнөтү өткөн күн үчүн мөөнөтү өткөн төлөмдүн суммасынын 0,01 % өлчөмүндө кредиттин негизги суммасынан ашпаган эсептөө жүргүзүлөт.

Пикир

Оставить комментарий