• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Министрлер кабинети айыл чарба жерлерин сугарууну жакшыртууга 1 млрд сом бөлөт

Коом 0

Бишкек, 29.12.21. /Кабар/. 2022-жылы кургакчылык жана суунун аз болгон мезгилинде айыл чарба өндүрүүчүлөрүнө жардам көрсөтүү максатында министрлер кабинети республикалык бюджеттен 1 млрд сом өлчөмүндө каражат бөлгөн. Бул тууралуу "Кабар" агенттигиндеги маалымат жыйынында айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков билдирди.

Анын айтымында, бул каражатка узундугу 662,4 км болгон чарбалар аралык каналдарды, анын ичинде 114,0 км каналдарды бетондоо, 816,0 км каналды механикалык тазалоо, 2310 гидротехникалык курулмаларды, 115 насостук станцияларды, ошондой эле 276,8 км коллектордук-дренаждык тармактарды механикалык тазалоо иштерин жүргүзүү каралууда.

"Азыркы учурда 100 млн сом болүнүп, Суу ресурстары мамлекеттик агенттиги тарабынан оңдоо иштери башталды", - деди министр.

Пикир

Оставить комментарий