• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Министрлер кабинети “Ак-Ордо” конушундагы мектеп кѳйгѳйүн чечет

Коом 0

Бишкек, 2-август /Кабар/. Бишкектин четинде жайгашкан “Ак-Ордо” жаңы конушунда көп жылдан бери мектеп курч көйгөй болуп келген. Бул конушта жашаган тургундар балдарын жанаша жайгашкан “Ак-Өргө” конушундагы мектептен окутууга аргасыз болуп келген болсо, бул жылы аталган маселе чечилгени турат. Өкмөт башчысы Сооронбай Жээнбеков Бишкек шаары боюнча жумушчу сапарынын алкагында дал ушул конуштагы орто мектептин курулушунун жүрүшү менен таанышты. Жаңы окуу мекемеси 960 окуучуга эсептелген.

Премьер-министр социалдык мекемелерди курууга өзгөчө көңүл бурулуп жатканын айтып, өткөн 2016-жылы республика боюнча 97 жаңы социалдык объектилер ишке берилгенин маалымдады. Ага бюджеттен «капиталдык салымдар» беренеси боюнча 5,2 млрд. сом бөлүнгөн. “Быйылкы жылы аталган максатта 5,9 млрд. сом багытталды, авариялык абалдагы социалдык объектилер толугу менен ремонттон өткөрүлүп, жаңы курулуштарды куруу улантылат. Аталган каражаттардын көпчүлүк бөлүгү мектептерди ремонттого жана курууга бөлүндү. Мугалимдерге колдоо көрсөтүү жана үй-бүлөлүк эс алуусун уюштуруу максатында Ысык-Көл курорттук аймагында жайгашкан «Асыл» пансионаты Билим берүү министрлигине өткөрүлүп берилди”, - Сооронбай Жээнбеков.

Өкмөт башчысы ошондой эле Бишкек шаарындагы №25 орто мектептин реконструкциялоонун жүрүшү менен таанышты. Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимов маалымдагандай, аталган мектеп 1953-жылы пайдаланууга берилген. Авариялык абалына байланыштуу 2013-2014-окуу жылынын башында бардык окуучулар, башкача айтканда, 900 окуучу жана педагогикалык жамаат Бишкек шаарындагы №74 мектеп-лицейге убактылуу которулган.

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков баса белгилегендей, окуу мекемесинин имаратынын реконструкциялоодо курулуш нормаларын жана эрежелерин сактоого өзгөчө көңүл буруу зарыл. Мындан улам, бардык талаптарга жооп берген ата мекендик өндүрүштүн курулуш материалдарын колдонуу керек.

Пикир

Оставить комментарий