• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Министрлер кабинети Баткендеги ишкердик субъекттерине зыяндын ордун толтуруу тартибин бекитти

Өкмөт 0

Бишкек, 09.08.21./Кабар/. 2021-жылдын 28-30-апрелинде кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалдын натыйжасында жабыр тарткан Баткен облусунун ишкердик субъекттерине зыяндын ордун толтуруу тартиби бекитилди. Тийиштүү токтомго Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Улукбек Марипов кол койду.

Токтом Баткен облусунун ишкердик субъекттерине мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатында, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентинин «Баткен облусунун чек арадагы айылдарын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча биринчи кезектеги чаралар жөнүндө» Жарлыгына ылайык кабыл алынды.

Кабыл алынган чечимге ылайык, «Айыл Банк» жана «РСК Банк» ачык акционердик коомдоруна 2021-жылдын 28-30-апрелинде кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалдын натыйжасында жабыр тарткан Баткен облусунун тургундары жана ишкердик субъекттери 2021-жылдын 28-апрелине чейин алган зайымдык каражаттарын белгиленген тартипте эсептен чыгаруу жана кайра түзүмдөштүрүү сунушталды.

Экономика жана финансы министрлигине Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин макулдугу менен 76 ишкерге 15,2 млн сом суммасында бюджеттик кредитти төмөнкүдөй шарттарда берүү тапшырылды:

- кредиттин суммасы – 200 миң сомдон;

- пайыздык ставка -жылына 0,1 пайыз;

- кредитти төлөө мөөнөтү – 3 жыл, квартал сайын бирдей төлөмдөр менен;

- күрөөсүз негизде;

- финансылык санкциялар – жылына 0,2 пайыз, алар кечиктирилген карыздын суммасына эсептелет;

- карыздын негизги суммасын төлөө боюнча жеңилдетилген мезгил – 1 жыл.

Ошондой эле Экономика жана финансы министрлиги тарабынан жабыр тарткан ишкерлерге зыяндарын ордун толтуруу боюнча бир жолку компенсацияны 14 млн 505 миң сом суммасында Тартипке ылайык төлөп берүү камсыз кылынат.

Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Пикир

Оставить комментарий