• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Министрлер кабинети Баткендеги инвестицияларды коргоо боюнча бир катар экономикалык чараларды кабыл алды

Өкмөт 0

Бишкек, 28.02.22. /Кабар/. Экономиканын жана социалдык чөйрөнүн артыкчылыктуу тармактары үчүн өзгөчө инвестициялык режим колдонулган аймактардагы инвестицияларды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын финансылык милдеттенмелеринин тизмеси бекитилди. Тийиштүү чечимге министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон, - деп билдирет министрлер кабинетинин басма сөз кызматы.

Мындан тышкары, ушул чечим менен Экономиканын жана социалдык чөйрөнүн артыкчылыктуу тармактары үчүн өзгөчө инвестициялык режим колдонулган аймактардагы инвестициялык макулдашууларда бекитилген инвестициялык долбоорлор боюнча кепилдиктерди берүүдө инвестицияларды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын финансылык милдеттенмелерди берүү тартиби жөнүндө жобо бекитилген.

Белгилей кетчү нерсе, экономиканын жана социалдык чөйрөнүн артыкчылыктуу тармактары үчүн өзгөчө инвестициялык режим колдонулган аймактардагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын финансылык милдеттенмелеринин тизмеси экономикалык жана социалдык чөйрөлөрүндө өнүктүрүүнүн мамлекеттик программаларына (долбоорлоруна) ылайык инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу үчүн инвестициялык макулдашуулар үчүн гана аракеттенет.

Тизмеде өзгөчө инвестициялык режим колдонулган аймактар үчүн ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын финансылык милдеттенмелери аныкталган. Кепилдиктер өзгөчө инвестициялык режим колдонулган аймактарды өнүктүрүү программасына киргизилген долбоорлор үчүн, айрыкча Кыргыз Республикасынын Баткен облусуна берилет. Алардын катарында: мыйзамдардагы карама-каршылыктардан келип чыккан талаш-тартыштарды кароодо мамлекеттик органдардын мыйзамсыз аракеттеринин/аракетсиздигинин натыйжасында зыян келтирилген учурда инвестициялык долбоорлор боюнча инвестициялык макулдашууларда бекитилген кепилдиктердин алкагындагы мамлекеттин милдеттенмелери, инвесторлор үчүн бирдей атаандаштык мүмкүнчүлүктөрүн камсыз кылуу үчүн мамлекет тарабынан басмырлоонун ар кандай түрүнөн коргоо кепилдиги, чет элдик инвесторлорго да, ата мекендик инвесторлорго да бирдей мамилелер, пайданы жана кирешенин башка түрлөрүн тоскоолдуксуз которуу, мыйзамда каралгандан башка учурларда, инвестицияларды экспроприациядан коргоо кепилдиктери, интеллектуалдык менчикке жана менчикке карата инвесторлордун укуктарын коргоо кепилдиги бар.

Жобо өзгөчө инвестициялык режим колдонулган аймактар үчүн инвестициялык макулдашууларда бекитилген инвестициялык долбоорлор боюнча кепилдиктин алкагында ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган катары Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныктала турган инвестицияларды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын финансылык милдеттенме берүү тартибин аныктайт.

Атап айтканда, ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан финансылык милдеттенмелерди берүүнүн шарттары төмөнкүлөр:

- инвестор инвестициялык келишимге кол коюлган күндөн тартып үч жылдын ичинде инвестицияланган ишкананын капиталына 3 (үч) миллион АКШ долларынан кем эмес, ал эми Баткен облусу үчүн 1 (бир) миллион АКШ долларынан кем эмес инвестиция салууга милдеттүү;

- пайдалуу казындыларды изилдөө, издөө, чалгындоо, иштетүү менен байланышкан ишти жүзөгө ашырган инвестор инвестициялык келишимге кол коюлган күндөн тартып беш жылдын ичинде 20 (жыйырма) миллион АКШ долларынан кем эмес суммада, ал эми Баткен облусу үчүн кеминде 10 (он) миллион АКШ долларын инвестициялоого милдеттүү;

- инвестордун инвестицияланган ишканага инвестиция салуу боюнча милдеттенмелерин аткарбашы инвестициялык келишимди бузуу үчүн негиз болуп саналат;

- инвестор өзүнүн туруктуу финансылык абалын финансылык- чарбалык иш боюнча отчётторду жана акыркы үч жыл үчүн көз карандысыз аудитордук корутунду берүү менен ырастоого тийиш;

- инвестор юридикалык жак катары катталган жери боюнча жана инвестициялык долбоорду ишке ашыруучу жер боюнча салыктарды, жыйымдарды жана бюджетке кандайдыр бир деңгээлдеги башка төлөмдөрдү төлөө боюнча карызы болбошу керек;

- инвестордун юридикалык жак катары катталган жери боюнча жана инвестициялык долбоорду ишке ашыруу жери боюнча мамлекеттик кепилдиктер боюнча мурда алынган, төлөө мөөнөтү келип түшкөн мамлекеттик эмес зайымдарды төлөө жана тейлөө боюнча мөөнөтү өтүп кеткен карыздары, ошондой эле кредиторлордун алдында мөөнөтү өтүп кеткен башка карыздары болбоого тийиш.

Пикир

Оставить комментарий