• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Министрлер кабинети борбордун ТЭЦ – 2 аймагында жашаган тургундар үчүн 47,7 га жерди мыйзамдаштырды

Өкмөт 0

Бишкек, 02.12.21. /Кабар/. Бишкек шаарынын ТЭЦ-2 аймагында жеке турак үйлөрдү курган жашоочулардын маселелерин чечүү максатында, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 20-беренесине, “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Сокулук районунун Орок айыл аймагында жайгашкан жерлерди трансформациялоо жөнүндө чечими кабыл алынды. Тийиштүү чечимге министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон.

Кабыл алынган чечимге ылайык, Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Сокулук районунун Орок айыл аймагында жайгашкан жана муниципалдык менчикте турган 47,7 га жер “Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясынан “Калктуу конуштардын жерлери” категориясына которулду (трансформацияланды).

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине республикалык бюджеттен Кыргыз Республикасынын көрсөтүлгөн жер участогуна шаар куруу документтерин иштеп чыгуу үчүн 5,0 млн (беш миллион) сом өлчөмүндө каражат бөлүүсү тапшырылды.

Белгилесек, буга чейин Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров Бишкек шаарынын ЖЭБ-2 аймагында жеке турак үйлөрдү курган тургундар менен жолугушуусунда Министрлер Кабинетине жакынкы мезгилде аталган жер тилкелерин мыйзамдаштыруу тапшырмасын берген.

Пикир

Оставить комментарий