• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Министрлер кабинети быйыл МЖӨ долбоорлорунун санын көбөйтүүнү пландоодо

Өкмөт 0

Бишкек, 18.01.23./Кабар/. Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаевдин төрагалыгынын алдында мамлекеттик-жеке өнөктөштүк (МЖӨ) долбоорлорун алдыга жылдыруу жана ийгиликтүү ишке ашыруу максатында түзүлгөн долбоордук тобунун биринчи жыйыны болду.

“Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин жетекчилиги мамлекеттик-жеке өнөктөштүктү колдонууга жана өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурат. Ошол себептүү, быйыл мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлорунун санын 68ден 90го чейин көбөйтүүнү пландап жатабыз. Учурдан пайдаланып тиешелүү мамлекеттик мекемелердин жетекчилерине айтып кетейин, долбоорлорду өнүктүрүүдө айрым укуктук ченемдик актыларда тоскоолдуктар болсо, аларды дал келтирүү керек”, - деди Бакыт Төрөбаев.

Министрлер Кабинети 2022-2026-жылдарга Кыргыз Республикасында МЖӨтү өнүктүрүү Программасын кабыл алды, суммасы 100 млрд сомдон кем эмес долбоорлор кирет. Ошондой эле, Кыргыз Республикасында МЖӨ долбоорлорун өнүктүрүү Планын бекитти, суммасы 1 млрд доллардан ашуун долбоорлор кирет.

МЖӨ долбоорлоруна саламаттык сактоо, өндүрүш, энергетика, билим берүү, айыл чарба жана башка тармактар кирет.

Пикир

Оставить комментарий