• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Министрлер кабинети Дүйнөлүк тазалык күнү өтүүчү экологиялык акцияга кошулат

Өкмөт 0

Бишкек, 16.09.21. /Кабар/. КР министрлер кабинети 18-сентябрда, Дүйнөлүк тазалык күнү өтүүчү эл аралык экологиялык акцияга кошулат жана жарандарды өлкө боюнча жарыяланган масштабдуу ишембиликке активдүү катышууга чакырат.

Иш-чарага мамлекеттик жана жергиликтүү бийлик органдарынын өкүлдөрү катышат.

Дүйнөлүк тазалык күнү биздин өлкөдө төртүнчү ирет өткөрүлүп жатат. Иш-чаранын максаты – экологиялык абалга, коомдук жайлардагы тазалыкты сактоого, жаратылышы ресурстарын аң-сезимдүү пайдаланууга, үнөмдөөчү технологияларды пайдаланууга жана таштандыны туура иштетүүгө көңүл бурдуруу.

Үстүбүздөгү жылы масштабдуу иш-чарага даярдануу алкагында экологиялык кампанияны уюштурган "Эко Деми" коомдук фонду республиканын шаарларындагы жана аймактарындагы булганыч аймактардын виртуалдык картасын иштеп чыкты, аны ыктыярчылар тазалашат. Бишкек шаарында 100 түйүн аныкталды, ал – эс алуучу жайлардагы таштандылар, алар активисттер тарабынан тазаланмакчы.

Ар бир каалаган адам акциянын катышуучусу боло алат, жарандар өз турак-жайларынын аймагын, парктарды жана эс алуу жайларын тазалоого катыша алат.

Пикир

Оставить комментарий