• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Министрлер кабинети: Гавриловка айылындагы мектеп имаратынын сатылышы тууралуу маалымат жалган

Өкмөт 0

Бишкек, 25.03.22. /Кабар/. Министрлер кабинетине КР президентинин 2021-жылдын 23-октябрындагы маалымат жыйынында Чүй облусунун Сокулук районунун Гавриловка айылындагы орто мектептин имаратынын сатылышы тууралуу айтылган маалыматка байланыштуу төмөндөгүлөрдү маалымдайт.

Гавриловка айылындагы орто мектептин имараты 1967-жылы Чүй облусунун Сокулук районундагы Шопоков атындагы колхоз тарабынан курулган.

1992-жылы колхоздордун өзгөртүп уюштурулушуна байланыштуу орто мектептин жана клубдун имараты жаңыдан түзүлгөн Шопоков атындагы кооперативдин балансына өткөрүлгөн.

30 миллион сомдон ашык түзүлгөн дебитордук карызга байланыштуу Шопоков атындагы кооперативдин мүчөлөрүнүн жалпы чогулушу карызды төлөө үчүн мектеп имаратын сатуу чечимин кабыл алган.

2007-жылы КР Билим берүү жана илим министрлиги республикалык бюджеттин эсебинен Гавриловка айылындагы орто мектептин имаратын сатып алган.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечими менен 2012-жылы аталган имарат Гавриловка айыл өкмөтүнүн балансына өткөрүлүп берилген.

КРнын Башкы прокуратурасы тарабынан орто мектептин имаратынын сатылып алынышынын мыйзамдуулугу боюнча текшерүү жүргүзүлдү. Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузуу фактылары аныкталган жок.

Учурда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан орто мектептин имаратына укук белгилөөчү документтерди каттоо иштери жыйынтыкталып жатат.

2007-жылы «Шопоков» атындагы кооператив тарабынан Гавриловка айыл өкмөтүнө бекер өткөрүлүп берилген трансформатордук көмөкчордондорду жана суу түтүктөрүн жеке жакка сатуу фактысы боюнча Сокулук районунун прокуратурасы кылмыш ишин козгоп, тергөө амалдары жүрүп жатат.

Клубдун имараты (Маданият үйү) маселеси боюнча билдирсек, бул объект 1992-жылдан бери Шопоков атындагы кооперативдин менчигине таандык болуп, административдик имарат катары колдонулуп келет.

Пикир

Оставить комментарий