• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Министрлер кабинети көмүрдү автотранспорт менен ташып чыгууга тыюу салды

Коом 0

Бишкек, 26.10.22. /Кабар/. Кыргызстандын аймагынан көмүрдү автомобиль транспорту менен ташып чыгууга (кыргыз-кытай мамлекеттик чек арасындагы “Иркештам автожолу” жана “Торугарт автожолу” өткөрүү пункттарын кошпогондо) алты айлык мөөнөткө убактылуу тыюу салуу киргизилди. Тиешелүү чечимге министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигине, Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматына жана Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматына ушул токтомдон келип чыгуучу зарыл чараларды көрүүсү тапшырылды.

Белгилесек, бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып үч күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Пикир

Оставить комментарий