• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Министрлер кабинети "Кара-Кеченин" өнүгүүсүнө каражат бөлөт

Экономика 0

Бишкек, 18.10.21. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров “Кара-Кече” кенине болгон жумушчу сапарынын учурунда бир жылдын ичинде “Кыргызкөмүрдүн” жеке көмүр кампаларын ачууга, жаңы техника сатып алуу үчүн акча каражатын бөлүп берерин билдирди. Бул тууралуу Кыргызкөмүр” ишканасынан кабарлашты.

Акылбек Жапаровдун айтымында, “Кара-Кечеде иш мыкты деңгээлде жүрүүдө. “Бирок заманбап техникаларды сатып алып, ишти мындан да илгерилетүү зарыл”, - деп кошумалады ал.

Ошол эле учурда жол маселеси да унутта калган жок. Министрлер кабинетинин төрагасы Транспорт жана жол министрлигине Дыйкан-Кара-Кече жолун тез аранын ичинде оңдоо тапшырмасын берди.

Пикир

Оставить комментарий