• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Министрлер кабинетинин Казакстандагы абалга байланыштуу чукул жыйыны өтүүдө

Өкмөт 0

Бишкек, 06.01.22. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы – президенттин администрациясынын жетекчиси Акылбек Жапаровдун жетекчилиги астында министрлер кабинетинин чукул жыйыны өтүүдө. Бул тууралуу "Кабар" агенттигине министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, күн тартибинде Казакстандагы абал талкууланат.

Эске сала кетсек, 2-январда Казакстандын батышында суюлтулган газдын кымбатташына байланыштуу нааразылык акциялары башталган. Кийин нааразылык акциялары өлкөнүн башка аймактарына да жайылган.

Казак өкмөтү отставкага кетип, өлкөнүн Коопсуздук кеңешинин төрагасы алмашып, Нурсултан Назарбаевдин ордуна Касым-Жомарт Токаев келди. Өлкө боюнча өзгөчө абал жарыяланды.

Токаев жардам сурап ЖККУга кайрылды, уюм бейпилдик күчтөрүн Казакстанга жөнөтүү чечимин кабыл алды.

6-январга карата Казакстандын аскер кызматкерлеринин арасында курмандыктар жана талап-тоноолор катталды.

Пикир

Оставить комментарий