• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Министрлер кабинети коррупция тууралуу билдирген адамга сый акы төлөөнүн тартибин бекитти

Өкмөт 0

Бишкек, 24.11.21. /Кабар/. КР министрлер кабинети коррупциялык укук бузуу тууралуу билдирген адамга сый акы төлөөнүн тартибин бекитти, - деп билдирет министрлер кабенитинин басма сөз кызматы.

Атап айтканда, министрлер кабинетинин чечимине ылайык, коррупциялык укук бузуу тууралуу билдирген адамга сый акы төлөө бул иш боюнча ордун толтуруудан жана мамлекеттин кирешесине түшкөн каражаттардын суммасынан 10 пайыз өлчөмүндө (бирок бир миллион сомдон көп эмес) жүргүзүлөт.

Сый акы төмөнкү учурларда төлөнөт:

– комиссиянын чечими менен ырасталган коррупциялык укук бузуу тууралуу маалымат тийиштүү адам тарабынан берилгенде;

– мыйзамдуу күчүнө кирген, акыркы болуп саналган жана даттанууга жатпаган соттук актысы бар болсо;

– коррупциялык укук бузуу менен мамлекетке келтирилген материалдык зыяндын орду толтурулганда.

Эгерде коррупциялык укук бузуу фактысы тууралуу билдирген адамдын маалыматынын негизинде, бир билдирүүнүн алкагында бир нече кылмыш аныкталса, сый акы зыяндын орду эң көп өлчөмдө толтурулган кылмышка карата төлөнөт.

Андан соң токтомго ылайык, жоопкер кызматкер тарабынан тийиштүү документтер түзүлүп, тийиштүү укук коргоо, көзөмөлдөө органынын жетекчиси тарабынан жети адамдан кем эмес сандагы түзүлгөн комиссиянын кароосуна жөнөтүлөт.

Комиссия тийиштүү адам тарабынан коррупциялык укук бузуу тууралуу маалымат берүү фактысын текшерет жана материалдарды кароонун жыйынтыгы боюнча 10 жумуш күндүн ичинде органдын жетекчисине сый акыны төлөө жөнүндө өтүнүчтү же жүйөлөнгөн баш тартууну киргизет. Мында баш тартуу тийиштүү адам тарабынан коррупциялык укук бузуу тууралуу маалымат берүү фактысы ырасталбаган учурда комиссия тарабынан чыгарылат.

Органдын жетекчиси комиссиянын өтүнүчү келип түшкөндөн кийин 10 жумуш күндүн ичинде коррупциялык укук бузуу тууралуу билдирген адамга сый акы төлөө үчүн негиз болгон сый акы төлөө жөнүндө буйрук чыгарат.

Токтомго Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон жана ал расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Пикир

Оставить комментарий