• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Министрлер кабинети кризистик борборлордун 2022-жылга каржылоосун үч эсеге жогорулатты

Өкмөт 0

Бишкек, 12.11.21. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов «Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо жөнүндө» Мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Мыйзам долбоорун талкуулоо боюнча тегерек столдун ишине катышты.

Ал үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыркаган аялдарды коргоонун маанилүүлүгүн белгиледи.

«Мамлекет башчысы жана жаңы министрлер кабинети өлкөдөгү үй-бүлөлүк зомбулук маселесине өзгөчө маани берет. Жаңы министрлер кабинети зомбулуктан жабыркаган аялдардын жана кыздардын кызыкчылыгын сөз жүзүндө гана эмес, иш жүзүндө коргоого алат. Атап айтканда, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан 2022-жылы аялдар кризистик борборлорун каржылоону 20 млн сомго чейин жогорулатуу жана дагы 5 млн сомду үй-бүлөлүк зомбулук көйгөйү тууралуу маалымат алууну жогорулатуу боюнча мамлекеттик заказ алкагында коомдук уюмдар үчүн маалыматтык кампанияга бөлүп берүү чечимин кабыл алды. Эскертсек, быйыл кризистик борборлор үчүн 7 млн сом бөлүнгөн. Натыйжада, аталган борборлорду каржылоону үч эсеге жогорулатуу тууралуу кеп болууда», - деди Эдил Байсалов.

Ошондой эле министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары маалымдагандай, үй-бүлөлүк зомбулук боюнча статистикага ылайык, үстүбүздөгү жылы үй-бүлөлүк зомбулуктун 8 405 учуру катталган, ал эми өткөн жылы бул көрсөткүч 6060 барабар болгон.

«Ички иштер органдары тараптан үстүбүздөгү жылы 7 316 убактылуу коргоо ордерлери берилген, бул өткөн жылдын 7 айына салыштырмалуу 1 179 ордерге көп дегенди билдирет. Мында көрсөткүчтөр өсүп жаткандыгы даана көрүнүп турат. Бул көйгөйлөрдүн жана арыздардын көбөйгөндүгүнөн гана эмес, милиция органдарынын үй-бүлөлүк зомбулук фактыларын иликтөө аракеттеринин жогорулагандыгынан да кабар берет», - деди Эдил Байсалов.

Пикир

Оставить комментарий