• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Министрлер кабинети: «Куланак» ГЭСин куруу долбоору ишке ашырыла баштады

Өкмөт 0

Бишкек, 13.04.22. /Кабар/. «Нарын» өндүрүштүк ишканасы» жоопкерчилиги чектелген коомуна өздүк каражаттарынын эсебинен Нарын облусунун Нарын районундагы Нарын дарыясында «Кубаттуулугу 100 МВт белгиленген «Куланак» ГЭСин куруу жана эксплуатациялоо» долбоорун ишке ашыруу укугу берилди. Тийиштүү токтомго министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон.

Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдиргендей, «Куланак» ГЭСин куруу долбоорун ишке ашыруу жаңы өндүрүштүк кубаттуулуктарды түзүүгө багытталган.

Долбоордук-сметалык документация боюнча «Куланак» ГЭСин куруу мөөнөтү 4 жылды, ал эми тосмонун бийиктиги 27 м түзөт.

Куланак ГЭСин куруу долбоору «Ленгидропроект» АК тарабынан иштелип чыккан - гидроэнергетика жана суу чарба курулуштарын долбоорлоо жана өзгөчө татаал геологиялык аймактарда жана климаттык шарттарда гидротехникалык курулуштарды долбоорлоо жана курууну көзөмөлдөө боюнча кызматтардын толук комплексин көрсөтүү чөйрөсүндөгү эң эски орус долбоорлоо - изилдөө институту.

Белгилесек, Нарын дарыясында жалпы орнотулган кубаттуулугу 6, 2 ГВт чейин болгон 30га чейин ГЭСти курууга болот.

Пикир

Оставить комментарий