• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Министрлер кабинети "Кумтөргө" убактылуу тышкы башкаруучуну дайындоонун тартибин бекитти

Өкмөт 0

Бишкек, 18.05.21. /Кабар/. Улукбек Марипов КР министрлер кабинетинин 2021-жылдын 17-майындагы 7 токтомуна "Убактылуу сырткы башкаруучуну дайындоонун тартибин бекитүү жөнүндө" кол койду.

“Акционердик коомдор жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 651-беренесин ишке ашыруу максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын министрлер кабинети токтом кылат:

1. Убактылуу сырткы башкаруучуну дайындоонун тартиби тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлиги ушул токтомдон келип чыгуучу толук чараларды көрсүн.

3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Эске сала кетсек, кечээ Жогорку Кеңеш “Кумтөр голд компани” ишканасына тышкы башкаруу киргизүүнү колдогон.

Пикир

Оставить комментарий