• 89.12
  • 94.98
  • 0.95

Министрлер кабинети кытай инвесторлору менен Ысык-Көлдө күн электр станциясын куруу боюнча келишимге кол койду

Өкмөт 0

Бишкек, 08.04.22. /Кабар/. Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун энергиянын кайра жаралуучу булактары тармагындагы долбоорлорду өнүктүрүү боюнча тапшырмасын аткаруу алкагында Ысык-Көл облусунда 1000 мВт күн электр станциясын куруу боюнча Инвестициялык келишимге кол коюу аземи өттү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирет.

Меморандумга кол коюу аземи «Кыргыз Республикасынын энергетика секторун трансформациялоо» форумунда өттү.

Документке КР министрлер кабинетинин атынан энергетика министри Доскул Бекмурзаев жана экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев бир тараптан жана экинчи тараптан курамына «China Power International Development Limited (CPID)» жана «China Railway 20 Bureau Group Corporation (CR20G)» кирген кытай энергетика консорциумунун ортосунда кол коюлду.

Маалымдама: China Power International Development Limited дүйнөдөгү күн энергиясын өндүрүүчү эң ири компания болуп саналат жана Пакистан, Вьетнам, Казакстан, Германия, Австралия, Бразилия, Чили жана Мексика сыяктуу өлкөлөрдө иштейт. Кызматкерлердин саны 12 000 ашуун адамды түзөт. Компаниянын жалпы орнотулган кубаттуулугу 48,7 ГВт (биздин өлкөдө, салыштыруу үчүн - 3,93 ГВт).

China Railway 20th Bureau Group Corporation 1948-жылы түзүлгөн жана өз ишмердүүлүгүн Ангола Республикасы, Монголия, Мозамбик Республикасы, Бразилия Федеративдик Республикасы, Пакистан Ислам Республикасы сыяктуу өлкөлөрдө жүргүзөт. Кызматкерлердин саны 20 000 ашуун адамды түзөт. Жогоруда аталган мамлекеттердеги инвестициянын жалпы көлөмү 6,1 млрд АКШ долларын түзөт.

Пикир

Оставить комментарий