• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Министрлер кабинети өлкөнүн стратегиялык өнүгүүсүнүн беш жылдык планына өтүүдө — Жапаров

Экономика 0

Бишкек, 15.09.21. /Кабар/. Министрлер кабинети өлкөнүн стратегиялык өнүгүүсүнүн беш жылдык планына өтүүдө. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, экономика жана каржы министри Акылбек Жапаров “Кепилдик фонд” ААКнын түзүлгөндүгүнүн 5 жылдыгына арналган эл аралык конференцияда билдирди.

Ал өнүгүүнүн беш жылдык планына өтүү боюнча жарлык 10-октябрга чейин чыгат деген үмүтүн билдирди. Жапаров ошондой эле өлкөнүн үч жылдык бюджетинин долбоору жаңы жылга чейин кабыл алынарын айтты.

“Биз бизнеске жагымдуу шарттарды түзүп берип жатабыз. Сиздер өлкөнү өнүктүрүп жатасыздар. Салык кодекси менен дос болгон жана ачык иштегендер менен иштөөгө даярбыз”, - дейт ал.

Пикир

Оставить комментарий