• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Министрлер кабинети майыптардын укуктары боюнча БУУ Конвенциясын ишке ашыруунун жүрүшүн карады

Өкмөт 0

Бишкек, 24.09.21. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетинин кезектеги кеңешмесинде майыптардын укуктары боюнча БУУ Конвенциясынын жоболорун ишке ашыруу маселеси каралды.

Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов белгилегендей, Кыргызстан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын укуктарын коргоо, Конвенциянын милдеттерин аткарууга: инфраструктураны түзүү, билим алуу, жумушка орношууга, ошондой эле коомго реабилитациялоо жана социалдык интеграцияга бирдей жеткиликтүүлүктү камсыз кылууга чоң маани берет.

Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев белгилегендей, Кыргызстанда болжол менен 196 миң мүмкүнчүлүгү чектелген жаран жашайт, анын ичинде 121 миңден ашуун адам Социалдык фонддун линиясы боюнча пенсия алат, ал эми 75 миңден ашуун адам майыптуулугу боюнча ай сайын социалдык жөлөкпул алат.

Өз кезегинде Улукбек Марипов кошумчалагандай, Кыргыз Республикасынын президентинин «Жарандардын айрым категориялары үчүн ай сайын берилүүчү социалдык жөлөкпулдардын өлчөмүн жогорулатуу жөнүндө» Жарлыгынын алкагында пенсия жана жөлөкпулдарды индексациялоо жүргүзүлгөн.

Кеңешменин жыйынтыгында мамлекеттик жана жергиликтүү бийлик органдарынын жетекчилерине бир катар тапшырмалар берилди. Анын ичинде:

- 2022-2040-жылдарга Кыргыз Республикасындагы ден соолугунан мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдар жана калктын башка аз кыймылдуу топтору үчүн "Жеткиликтүү өлкө" мамлекеттик программасынын долбоорун толуктап иштеп чыгуу жана каржылоо булактарын аныктоо менен аны ишке ашыруу үчүн мүмкүн болгон чараларды иштеп чыгуу;

- «Мамлекеттик социалдык заказ жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык калкка, анын ичинде ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга социалдык кызмат көрсөтүүгө жана коомдун социалдык маанилүү көйгөйлөрүн чечүүгө багытталган коомдук пайдалуу долбоорлорду ишке ашыруу боюнча чараларды көрүү;

- маданият, дене тарбия, спорт жана паралимпиадалык спорт чөйрөсүндө ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын социалдык интеграциясын өнүктүрүү иретинде штаттык бирдиктерди аныктоо мүмкүнчүлүгүн кароо.

Пикир

Оставить комментарий