• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Министрлер кабинети пиязды экспорттоого тыюу салды

Экономика 0

Бишкек, 01.02.23. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын аймагынан пияздын бардык түрүн чек өлкөгө алып чыгууга убактылуу тыюу салынды.

Айыл чарба министрлиги билдиргендей, министрлер кабинетинин тиешелүү токтому кабыл алынды, тыюу 2023-жылдын 31-январынан тартып, үч айлык мөөнөткө чейин күчүндө болот.

"Токтом өлкөбүздүн азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу жана социалдык маанидеги азык-түлүк продукцияларынын бааларын турукташтыруу максатында кабыл алынды", - деп айтылат билдирүүдө.

Пикир

Оставить комментарий