• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Министрлер кабинети: Премьер-министр кортежсиз жүрөт жана ал өтүп бара жатканда жолдор тосулбайт

Өкмөт 0

Бишкек, 06.04.18. /Кабар/. Бүгүн эртең менен премьер-министр Сапар Исаковдун кортежи өтүп бара жаткан учурда өкмөттүк трасса тосулганы тууралуу маалыматты өкмөттөн четке кагышты. Бул тууралуу социалдык тармактагы баракчасында өкмөттүн аппаратынын коомчулук жана ЖМК менен байланыш бөлүмүнүн башчысы Чыңгыз Эсенгулов жазып чыкты.

Белгилей кетсек, ЖМКда бүгүн эртең менен ЖКККББ кызматкерлери жолду тосуп, саат 08:56ден 09:05ге чейин жөө жүргүнчүлөрдү өткөрбөй койгонуна байланыштуу шаардыктар премьердин кортежине нааразы экени тууралуу билдирүү жарыяланган.

“Урматтуу кесиптештер, достор! Бул маалымат чындыкка жатпайт. Өкмөт башчы жумушка саат 08:50 келген жана эч кандай жолдорду тосуу болгон эмес, Премьер-министрдин кортежин МАИ коштобойт. Ал эми Өкмөт башчы жол тандабас менен жүрбөйт (аймактарга чыккан маалда эле колдонбосо) жана авто унаадагы мамлекеттик номер дагы 001 эмес. Буга чейин маалым болгондой Премьер-министр шаарда жүргөндө катардагы айдоочулардай эле жүрүүнү туура көргөн. Жумурткандан кыр издеп кереги жок, туура эмес маалыматтарга таянуунун кереги жок, бир аз да болсо тактоо керек”, - деп айтылат Эсенгуловдун билдирүүсүндө.

Пикир

Оставить комментарий