• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Министрлер кабинети санариптик документтерди юридикалык мааниге ээ деп тааныды

Өкмөт 0

Бишкек, 19.11.22. /Кабар/. Министрлер кабинетинин кезектеги кеңешмесинде чечим кабыл алынды, ага ылайык, Кыргызстандын аймагында санариптик документтер юридикалык мааниге ээ деп таанылат.

Кыргыз Республикасынын жарандары смартфондорундагы «Түндүк» мобилдик тиркемеси аркылуу мамлекеттик органдарга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, кызмат адамдарына, юридикалык жана жеке жактарга документтерди санарип форматта көрсөтө алышат.

Санариптик документтердин негизги артыкчылыгы – колдонуунун ыңгайлуулугу жана убакытты үнөмдөө. Белгилей кетсек, санариптик документ процессинин коопсуздугу жогору.

Учурда «Түндүк» мобилдик тиркемесинде төмөнкү документтер бар: паспорт, айдоочулук күбөлүк, унаанын каттоо күбөлүгү. Жакынкы убакта башка документтер да кошулат.

Санариптик документти колдонуу үчүн жаранга төмөнкүлөр керек: Бирдиктүү идентификация системасында авторизациялануу (Калкты тейлөө борборунда булуттук электрондук санариптик кол тамганы акысыз алуу керек), телефонго AppStore же PlayMarket аркылуу «Түндүк» мобилдик тиркемесин жүктөп алуу, булуттук электрондук санариптик кол тамганы колдонуп, мобилдик тиркемеге кирип, "Санариптик документтер" бөлүмүнө өтүү керек.

Министрлер Кабинети тарабынан кабыл алынган санариптик документтерди таануу жөнүндө чечим 30 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Пикир

Оставить комментарий