• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Министрлер кабинети Военно-Антоновкадагы балдар үйүнүн тарбиялануучусунун өлүмү боюнча кеңешме өткөрдү

Өкмөт 0

Бишкек, 17.06.21. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашова Военно-Антоновкадагы балдар үйүнүн тарбиялануучусу Игорь Якуниндин өлүмүнүн жагдайларын иликтөө боюнча кеңешме өткөрдү.

Министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, тийиштүү министрликтердин өкүлдөрү жүргүзүлүп жаткан иш тууралуу маалымат берди.

«Балдар мамлекеттик камкордукта турган социалдык мекемеде мындай кайгылуу окуяга жол берилбеши тийиш. Ички иштер министрлиги бул окуяны өзгөчө көзөмөлгө алып, кылдат иликтөө жүргүзүшү керек. Интернаттык типтеги мекемелерде мыйзам бузуулардын алдын алуу үчүн мамлекеттик тармактык органдар тарабынан тарбиялануучулар жана кызматкерлер арасында укук бузуулардын жана зордук-зомбулуктун алдын алуу боюнча иш-чаралар тынымсыз жүргүзүлүп турушу керек», - деди Жылдыз Бакашова.

Жолугушуунун жыйынтыгында Билим берүү жана илим министринин балдар социалдык мекемелерин тейлеген орун басарына катуу сөгүш жарыялоо чечими кабыл алынды.

Министрлер Кабинети ошондой эле төмөнкү сунуштарды иштеп чыкты:

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги төмөнкү маселелерди карап чыгуусу тийиш:

- Военно-Антоновкадагы балдар үйүнүн директорунун жана Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин жооптуу адиси ээлеген кызмат ордуна ылайык келүүсү тууралуу маселе;

- Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин тиешелүү башкармалыгынын башчысына тартиптик жаза чарасын көрүү;

Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги төмөнкү маселелерди карап чыгуусу тийиш:

- Сокулук районунун Жалпы медициналык жардам көрсөтүү борборунун директору ээлеген кызмат ордуна ылайык келүүсү тууралуу маселе;

- Сокулук районунун социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын башчысына тартиптик жаза чарасын көрүү.

Кеңешменин жыйынтыгында төмөнкүдөй тапшырмалар берилди:

- Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги жогорудагы окуяны териштирүү жүргүзүүсү.

Военно-Антоновкадагы балдар үйүнүн тарбиялануучуларын реабилитациялоо максатында:

- Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги балдардын жайкы эс алуусун камсыз кылуусу;

- Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги тарбиялануучуларга тез арада тиешелүү психологиялык жардам көрсөтүүсү.

- Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги менен биргеликте Военно-Антоновкадагы балдар үйүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 7-декабрындагы № 813 токтомуна ылайык ыкчам оптимизациялоо боюнча планын иштеп чыксын.

- Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги менен биргеликте интернаттык типтеги мекемелерде мыйзам бузуулардын алдын алуу үчүн тарбиялануучулар жана кызматкерлер арасында укук бузуулардын жана зордук-зомбулуктун алдын алуу боюнча иш-чараларды тынымсыз жүргүзсүн.

Пикир

Оставить комментарий