• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Министрлер кабинети жана ЕРӨБ инфраструктуралык жана ирригациялык долбоорлорду ишке ашырууну талкуулады

Өкмөт 0

Бишкек, 29.09.21. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын (ЕРӨБ) вице-президенти Алан Пию жана ЕРӨБ Борбор Азия боюнча башкаруучу директору Жужжанна Харгитай менен жолугушту. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирет.

Министрлер кабинетинин төрагасы белгилегендей, ЕРӨБ өлкөбүзгө бардык маанилүү тармактарда олуттуу көмөк көрсөтүп келет жана жаңы долбоорлорду активдештирүү жана өз-ара пайдалуу кызматташтык көлөмүн жогорулатуу үчүн бардык күч-аракетти жумшоого даяр.

Тараптар инфраструктуралык жана энергетикалык долбоорлорду, суу менен камсыздоо жана ирригация тутумун өнүктүрүү, мамлекеттик ишканаларды жана агроөнөржай комплексин колдоого алуу маселесине өзгөчө басым жасады.

Улукбек Марипов белгилегендей, инфраструктуралык долбоорлорду, тактап айтканда, унаа жолдорун реконструкциялоону ишке ашыруу авариялардын санын кыскартууга мүмкүндүк берет жана келечекте туристтик тармакты өнүктүрүүгө шарт түзөт.

Суу менен камсыздоо жана ирригация тутумун өнүктүрүү маселеси боюнча белгиленгендей, ирригация тутумун реабилитациялоо боюнча долбоорду иштеп чыгуу жыйынтыкталуу алдында турат, аны ишке ашырууда ирригациялык тутумду модернизациялоо аркылуу сууну туруктуу жана натыйжалуу пайдалануу камсыздалып, жердин өз алдынча суу менен камсыз болуусун жашыртат.

"Долбоор учурдагы иригация тутумун калыбына келтирүүгө жана үч региондо жаңы ирригациялык системаны курууга мүмкүндүк берет. Долбоордун аркасында 8 700 гектар жаңы сугат жери өздөштүрүлөт жана айыл калкы үчүн 14 300дөн ашуун жумуш орундарынын түзүлүшү күтүлүүдө",- деди Улукбек Марипов. .

Өз кезегинде Алан Пию каржы институту республиканын энергетикалык потенциалын жакшыртууга, чакан ГЭСтерди, айыл чарба долбоорлорун өнүктүрүүгө, чакан жана орто бизнести колдоого жана калкты ичүүчү суу менен камсыз кылууга багытталган долбоорлорду колдоого даяр экендигин билдирди, ошол эле учурда ЕРӨБ вице-президенти стратегиялык багыттагы ири долбоорлордун үстүндө иштөөгө даяр экенин белгиледи.

Жыйынтыгында Улукбек Марипов ири инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууда кызматташтыкты активдештирүү үчүн бардык күчүн жумшоого даяр экендигин жана жемиштүү кызматташтык үчүн ыраазычылыгын билдирди.

Пикир

Оставить комментарий