• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Министрлер кабинети жер мунапысын жүргүзүү тартибин аныктады

Өкмөт 0

Бишкек, 31.05.22. /Кабар/. Жер мунапысын жүргүзүү тартиби жөнүндө жобо бекитилди. Тиешелүү чечимди министрлер кабинети кабыл алды.

Белгилей кетсек, министрлер кабинетинин токтому Кыргыз Республикасынын президентинин 2021-жылдын 22-ноябрында «Ак-Ордо 3» конушунда айыл чарба багытындагы жер тилкелеринде жашаган тургундары менен болгон жолугушуусунун жыйынтыгы боюнча берилген тапшырмаларын аткаруу иретинде иштелип чыккан.

Документ курулушка уруксаты жок айыл чарба багытындагы жер участокторуна жеке турак жай курулган айыл чарба багытындагы жер участокторуна жеке менчик укугу тууралуу мамлекеттик актыларды берүүгө байланышкан маселелерди ыкчам чечүү максатында иштелип чыккан.

Жобо мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жерди "калктуу конуштар" категориясына которуу (трансформациялоо) боюнча ишин уюштуруунун негизги эрежелерин жана жол-жоболорун, комиссия түзүү тартибин, анын функцияларын, пайдалануучулардын тизмесин түзүү, калкка маалымдоо жүргүзүү тартибин, Кыргыз Республикасынын Жер кодексине, «Жер-укуктук мамилелерди жөнгө салуу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык мунапыс объекттерине менчик укугун камсыз кылуу боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан чечимдерди кабыл алуу процедураларын аныктайт.

Пикир

Оставить комментарий