• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Министрлер кабинети жерге мунапыс маселесине байланыштуу түшүндүрмө берди

Өкмөт 0

Бишкек, 02.02.23. /Кабар/. Жер мунапысын жүргүзүү маселеси министрлер кабинетинин жетекчилигинин өзгөчө көзөмөлүндө турат, - деп билдирет министрлер кабинетинин басма сөз кызматы.

Белгилесек, 2022-жылдын июнь айында министрлер кабинети жер мунапысын жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү боюнча токтом кабыл алган.

Учурда республиканын аймактарында тиешелүү комиссиялар түзүлүп, иштеп жатат.

Министрлер кабинети белгилегендей, президенттин өлкө аймактарындагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктөрүнүн коллегиялык жыйындарынын жүрүшүндө жерге мунапыс берүү маселесине өзгөчө көңүл бурулууда. Жергиликтүү бийлик органдарына бул багыттагы иштерди сапаттуу жана өз убагында жүргүзүү тапшырмасы берилди.

Акча каражаттарын опузалап талап кылуу фактылары орун алган учурда мыйзам чегинде чаралар көрүлөт.

Акча каражаттарын талап кылуу фактылары боюнча төмөнкү телефон номерлерине билдирүүгө болот: (0312) 625342, 960185, 960186.

Пикир

Оставить комментарий