• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Министрлер кабинетинде Антикризистик комитеттин кеңешмеси өттү

Өкмөт 0

Бишкек, 16.03.22./Кабар/. Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров социалдык-экономикалык чакырыктарга ыкчам чара көрүү боюнча Антикризистик комитеттин биринчи кеңешмесин өткөрдү.

Акылбек Жапаров белгилегендей, учурда дүйнөдө орун алып жаткан геосаясий кырдаал социалдык-экономикалык тобокелдиктердин пайда болушуна алып келүүдө. Кырдаалды эске алуу менен Министрлер Кабинети кризиске каршы кезектеги бир катар чараларды кабыл алды.

Антикризистик чараларды калыптандыруу алкагында жарандык жана бизнес коомчулук өкүлдөрү менен бир катар жолугушуулар өткөрүлүп, алардын сунуштары документке киргизилген.

Кезектеги чаралар жыйындысы азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылууга, күндө керектелүүчү товарларга бааны турукташтырууга, калкты социалдык жактан колдоого жана иш менен камсыз кылууга, ошондой эле финансылык туруктуулукту камсыздоого жана ишкер субъектилерин колдоого багытталган.

Пикир

Оставить комментарий