• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

Министрлер кабинетинде COVID-19 учурунда туризм тармагын өнүктүрүү маселелери каралды

Өкмөт 0

Бишкек, 12.07.21. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашова коронавирус инфекциясы пандемиясы учурунда туристтик тармакты мындан ары карай өнүктүрүү боюнча кеңешме өткөрдү.

Белгиленгендей, коронавирус инфекциясынын эпидемиясы дүйнөлүк экономикалык кризиске алып келди, эл аралык эксперттердин баасы боюнча, өзгөчө туризм тармагы абдан жабыркаган.

«Коронавирус инфекциясынын пандемиясы туристтик тармак үчүн олуттуу чакырыктардан болуп калды. Түзүлгөн шартта кырдаалдан чыгуунун натыйжалуу механизмин издөө биринчи кезектеги милдеттерден болуп калды. Көп нерсе тармакты колдоого алуу боюнча кабыл алынып жаткан чаралардын натыйжалуулугунан көзкаранды»,- деди Жылдыз Бакашова.

Ошондой эле ал кошумчалагандай, ал чаралардын бири катары республиканын калкын, анын ичинде туристтик тармактын кызматкерлерин толук кандуу вакцинациялоо болуп саналат.

«Түзүлүп жаткан эпидемиологиялык кырдаалда калкты вакцинациялоо процессине активдүү тартуу, коронавирус инфекциясына коллективдик иммунитетти ыкчам түзүү медициналык мекемелердин гана жүктөмүн төмөндөтпөстөн, жарандардын кадимки жашоого кайтышын ыкчамдатат», - деп белгиледи Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары.

Белгилесек, Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги тарабынан өлкөгө туристтердин кеңири чөйрөсүн тартуу максатында жайкы туристтик жайларда санитардык ченемдерди жана эрежелерди сактоо боюнча атайын алгоритм жана талаптар бекитилген.

Ысык-Көл облусунун ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү жайкы туристтик сезондо коронавирус инфекциясынын жайылышынын алдын алуу боюнча иш-чараларды жүргүзүүдө. Бирок, рейддердин жыйынтыгы боюнча, санитардык-эпидемиологиялык талаптарга жооп бербегендиктен, эс алуу жана туризм уюмдарынын 9 жетекчисине айыппул салынып, башка кемчиликтер дагы аныкталды.

Кенешменин жыйынтыгы боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарга бир катар тапшырмалар берилди.

Атап айтканда, Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигине туризм тармагын заманбап талаптарга ылайык калыбына келтирүү жана андан ары өнүктүрүү боюнча ишти улантуусу, туристтик бизнес чөйрөсү менен биргеликте туристтер арасында COVID-19 алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүүсү, ошондой эле чет элдик жана ата мекендик туристтер менен түздөн-түз иштеген адамдарга эмдөө алууну сунуштоосу тапшырылды.

Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигине чет элдик жана ата мекендик туристтердин ПЧР-анализ жүргүзүүсүнө, же коронавирус инфекциясына каршы вакцина алуусуна жеткиликтүүлүгүн камсыздоосу, вакциналык (паспорттордун) жана электрондук сертификаттардын таанылуусу боюнча иш жүргүзүүсү көрсөтүлгөн.

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине чет элдик туристтерге электрондук виза берүү тутумунун ишин жакшыртуу тапшырылды.

Пикир

Оставить комментарий