• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Министрлер кабинетинде энергетикалык тармакты өнүктүрүү келечеги талкууланды

Өкмөт 0

Бишкек, 17.02.22. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Азиз Аалиев Кыргыз Республикасындагы Дүйнөлүк банктын Туруктуу өкүлчүлүгүнүн директору Навид Хасан Накви менен жолугушту. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирет.

Жолугушуунун жүрүшүндө энергетикалык тармакты өнүктүрүү келечеги, энергиянын кайра жаралуучу булактары тармагындагы долбоорлор, энергетика тармагын өнүктүрүүгө арналган форумду уюштуруу, ошондой эле Кыргыз Республикасы жана Дүйнөлүк банк ортосундагы өнөктөштүктүн 30 жылдыгын белгилөө боюнча юбилейлик иш-чараларды өткөрүү маселелери талкууланды.

Тараптар энергетика тармагын каржылык жактан күчтөндүрүү долбооруна өзгөчө басым жасады.

Азиз Аалиев белгилегендей, Дүйнөлүк банк негизги багыттарда реформаларды ишке ашырууда республиканын ишенимдүү өнөктөшү болуп саналат жана каржы институтунун өлкө өнүгүүсүнө кошкон салымын белгиледи. Ал мындан ары карай да натыйжалуу кызматташууга даяр экенин билдирди.

Кыргыз Республикасындагы Дүйнөлүк банктын Туруктуу өкүлчүлүгүнүн директору Навид Хасан Накви Министрлер Кабинетинин демилгелерине колдоо көрсөтүүгө жана келечекте кызматташтыкты өнүктүрүгө даярдыгын билдирди.

Пикир

Оставить комментарий