• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Министрлер кабинетинде КМШ өлкөлөрүнүн чыгармачыл жана илимий интеллигенциясынын форумуна даярдык талкууланды

Өкмөт 0

Бишкек, 31.05.23. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдиля Байсалова Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө-мамлекеттердин Гуманитардык кызматташтык боюнча мамлекеттер аралык фондунун (КМШГФ) аткаруучу директорунун орун басары Доля Эльвира Рафик кызы баштаган өкүлдөрү менен жолукту. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Жолугушуунун күн тартибинде “Шериктештик өлкөлөрдүн тилдеринин жана маданияттарынын диалогу – туруктуу өнүгүүнүн ресурсу” деген темада үстүбүздөгү жылдын 11-13-сентябрында Бишкек шаарында өтө турган, КМШга мүчө-мамлекеттердин чыгармачыл жана илимий интеллигенциясынын XVI форумун уюштурууга байланышкан маселелер талкууланды.

«КМШнын Чыгармачыл жана илимий интеллигенциясынын форумунун Бишкекте өтүшү биздин маданий жана илимий байланыштарыбызды чыңдоого, ошондой эле баарыбызга мамлекеттерибиздин туруктуу өнүгүүсүнө биргелешип көмөктөшүүгө жардам бере турган тажрыйбаларды жана идеяларды алмашуу үчүн эң сонун мүмкүнчүлүк”, — деди Эдил Байсалов.

Тараптар ошондой эле ишке ашырылып жаткан биргелешкен долбоорлорду талкуулап, КМШ өлкөлөрүнүн ортосундагы маданий-гуманитардык кызматташтыктын кеңири спектри боюнча пикир алышты.

Пикир

Оставить комментарий