• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Министрлер кабинетинде өлкө жарандарын чет өлкөдө ишке орноштуруу маселелеси талкууланды

Өкмөт 0

Бишкек, 03.02.22. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов КР президентинин «Миграциялык кырдаалды жакшыртууга багытталган чараларды кабыл алуу жөнүндө» Жарлыгын ишке ашыруунун алкагында мамлекеттик органдардын жетекчилеринин, ишке орноштуруу органдарынын, эл аралык уюмдардын өкүлдөрүнүн жана коомдук активисттердин катышуусунда жыйын өткөрдү.

Министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, жолугушуунун катышуучулары чет өлкөдө жарандарды уюшкандыкта ишке орноштуруу тутумун өнүктүрүүнү күчөтүү зарылдыгын талкуулашты.

Атап айтканда, эмгек мигранттарын уюшкандык менен ишке орноштурууга мамлекеттик органдардын ишин координациялоону күчөтүү жөнүндө кеп болду.

«Албетте, министрлер кабинетинин негизги артыкчылыктуу иши өлкөнүн ичинде жумушчу орундарын түзүү болуп саналат. Учурда биз республикага тейлөө көрсөтүү жана өндүрүш тармагындагы гана эмес, мектептерге, ооруканаларга, мамлекеттик мекемелерге да адискөй кадрларды кайтарууга умтулуудабыз. Бирок, жакынкы жылдары бизде жаштардын эсебинен жумушчу күчүнүн арбын болушу күтүлөт. Алардын чет өлкөдөн жакшы маяналуу жумушка орношуусу үчүн активдүү аракеттерди көрөбүз. Алар анда экономиканы өнүктүрүү жана ага инвестиция салуу үчүн талап кылынган көндүмдөрдү да ала алышат", - деп белгиледи ал.

Кеңешменин жыйынтыгы боюнча мамлекеттик органдарга мекендештерибизге сапаттуу юридикалык көмөк көрсөтүү, камсыздандырууну киргизүү жана мыйзамдуу түрдө жумушка орноштурууну жеңилдетүү жаатында тапшырмалар берилди. Ошондой эле виза режимин жеңилдетүү жана ишке чыгуу мүмкүнчүлүгү боюнча келишим түзүү иштерин тездетүү тапшырылды.

Пикир

Оставить комментарий