• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Министрлер кабинетинде мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапатын жогорулатуу маселеси талкууланды

Өкмөт 0

Бишкек, 26.08.21. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов Калкты каттоо жана документтештирүү чөйрөсүндө кызмат көрсөтүү боюнча бирдиктүү орган түзүү аркылуу каттоо системасын өнүктүрүү концепциясынын долбоорун талкуулоо боюнча жыйын өткөрдү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирет.

Министрлер кабинетинин башчысынын орун басары – санариптик өнүктүрүү министри Дастан Догоев белгилегендей, каттоо системасындагы көйгөйлүү маселелерди чечүү үчүн, ошондой эле калкка көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызматтардын сапатын жакшыртуу жана өнүктүрүү үчүн аныкталган көйгөйлүү аймактарды чет өлкөлөрдүн тажрыйбасы боюнча Калкты каттоо жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаментин Калкты тейлөө борборлоруна өткөрүп берүү менен "Кызмат" мамлекеттик ишканасына өзгөртүү сунушталууда.

Мамлекеттик ишкананы каржылоо толугу менен акы төлөнүүчү мамлекеттик кызматтарды жана кызматтарды көрсөтүү аркылуу ишке ашат.

Министрлер кабинетинин башчысы калкты кыска мөөнөттө сапаттуу тейлөөнүн маанилүүлүгүн, жарандар Калкты тейлөө борборлорунда кезексиз жана ыңгайлуулугун эске алуу менен болуусунун маанилүүлүгүн белгиледи.

Жолугушуунун жүрүшүндө актуалдуу маселелер жана каттоо системасын реформалоо боюнча милдеттер талкууланды.

Жыйындын жыйынтыгы боюнча Санариптик өнүктүрүү министрлигине бирдиктүү тейлөө борборлорунда бардык мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды көрсөтүү мүмкүнчүлүгүн түзүү боюнча чет өлкөлөрдүн тажрыйбасын эске алуу менен Каттоо системасын өнүктүрүү концепциясынын долбоорун бир жуманын ичинде аягына чыгаруу тапшырылды.

Пикир

Оставить комментарий