• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Министрлер кабинетинде Медициналык-социалдык экспертизалоо борборунун иши боюнча кеңешме өттү

Өкмөт 0

Бишкек, 28.05.21. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашова Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигине караштуу Республикалык медициналык-социалдык экспертизалоо борборунун иши боюнча жумушчу кеңешме өткөрдү.

Кеңешменин жүрүшүндө медициналык-социалдык эксперттик комиссиянын ишине тийиштүү жарандардын кайрылуулары каралды жана экпертизалоо процедурасына тийиштүү калкты маалымдоо боюнча иши алсыз экендиги белгиленди.

Республикалык медициналык-социалдык экспертиза борборунун жетекчилиги ошондой эле Ош облусунун тургуну Орозбү Ашымбаеванын кайрылуусу боюнча көчмө медициналык-социалдык эксперттик комиссиянын жыйынтыктары тууралуу маалымат берди. Белгилесек, буга чейин ал кызынын үй-бүлөсүнүн майып экендигин тастыктоо максатында экспертизадан өткөрүү маселеси боюнча министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашовага кайрылган. Комиссия тарабынан аныкталгандай, Орозбү Ашимбаеванын кызынын 2009 жана 2011-жылы туулган балдары “ден-соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген бала” категориясына ээ. 2020-жылдын 10-мартындагы кезектеги тастыктодо бир баласынын майыптыгынын мөөнөтү 2022-жылдын 1-апрелине чейин узартылган жана тышкы көзөмөлгө жана кароого муктаждыгы аныкталган, 2020-жылдын 10-сентябрында экинчи баласындагы майыптык мөөнөтү 2022-жылдын 1-январына чейин узартылган, анын башка жактардын көзөмөлүнө жана кароосуна такай муктаждыгы аныкталган эмес.

Кеңешменин жыйынтыгы боюнча Республикалык медициналык-социалдык экспертиза борборуна экспертизага кайрылуу боюнча калк үчүн кадамдык көрсөтмө нускама иштеп чыгуусу тапшырылды. Ведомствого келип түшкөн кайрылуулар жана даттануулар боюнча калк менен иштөөнүн сапатын жогорулатуу, коррупциялык тобокелдиктердин алдын алуу боюнча иштерди жүргүзүү, медициналык-социалдык экспертизадан өтүү үчүн документтерди топтоо жол-жобосун оптималдаштыруу, ошондой эле социалдык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу маселесине басым жасоосу тапшырылды.

Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигине санариптештирүү боюнча ишти күчтөндүрүүсү, анын ичинде социалдык жөлөкпулдарды чегерүү процессин тездетүү үчүн тиешелүү мамлекеттик органдардын "Түндүк" маалыматтык платформасы менен өз ара аракеттенүүсүн жакшыртуу тапшырылды.

Медициналык-социалдык экспертиза кызматын мындан ары карай өнүктүрүү максатында Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигине медициналык-социалдык эксперттик комиссиянын аймактык кызматтарын саламаттыкты сактоо уюмдарынын имараттарында жайгаштыруу жана толук кандуу иштөөсү үчүн шарттарды түзүүсү тапшырылды.

Ошондой эле ведомствого медициналык-социалдык эксперттик комиссиялардын ишинде майыптыкты баалоо боюнча иштөөнүн эл аралык классификациясынын элементтерин киргизүү боюнча ишти улантуусу тапшырылды.

Пикир

Оставить комментарий