• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Министрлер кабинетинде пенсиялык тутумду реформалоо талкууланды

Өкмөт 0

Бишкек, 11.12.21. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров өлкөдөгү пенсиялык тутумду реформалоо маселеси боюнча көчмө жыйын өткөрдү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирет.

Министрлер кабинетинин төрагасы белгилегендей, мамлекеттин социалдык саясатынын натыйжалуулугун мүнөздөөчү көрсөткүчтөрдун бири катары жарандарды пенсиялык камсыздоо денгээли саналат.

"Салык жана бажы тутумун реформалоо жыйынтыкталуу алдында турат, келерки жылдын январь айынан тарта биз пенсиялык тутумду реформалап баштоону пландаштыруудабыз. Анын негизги максаты – тутумдун жалпы катышуучулары үчүн бирдиктүү укукту камсыздоо эсебинен адилеттүүлүкту жана натыйжалуулукту жогорулатуу жана пенсиялык камсыздоо принциптерин кучтөндүрүү", - деп билдирди Акылбек Жапаров.

Андан соң Социалдык фонддун "Келечек булагы" өнүктүрүү жана туруктуу экосистеманы куруу боюнча стратегиясы сунушталды.

Жарандардан акча алып, азыраак пенсия берген системанын үлгүсүнөн арылуу керектиги, ошондой эле жарандардын келечекте пенсия алуусунун кепилдиги катары мамлекет чыгып, жарандар пенсиясы аныкталуусу үчүн каражаттарын чын дилинен которо тургандай болуп, Социалдык фондго карата мамилеси өзгөртүлүшү керектиги айтылды.

Стратегияны талкуулоонун жыйынтыгы боюнча Министрлер Кабинетинин Төрагасы Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун жетекчилигине айтылган сунуштарды жана сын-пикирлерди эске алуу менен аны толуктап иштеп чыгуу тапшырмасын берди.

Пикир

Оставить комментарий