• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн актуалдуу маселелери талкууланды

Өкмөт 0

Бишкек, 23.06.21. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов министрлер кабинетинин төрагасынын орун басарлары жана Кыргыз Республикасынын президентинин администрациясынын жетекчисинин орун басарларынын катышуусу менен жумушчу кеңешме өткөрдү.

Министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, жыйындын жүрүшүндө өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн актуалдуу маселелери жана аларды чечүү жолдору талкууланды. Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын президентинин Жарлыктарын ишке ашыруунун жүрүшү, эпидемиологиялык абалды турукташтыруу, жарандарды вакцинациялоо, азык-түлүк жана коомдук коопсуздукту камсыз кылуу маселелери каралды.

Кеңешменин жыйынтыгы боюнча Улукбек Марипов өлкөдө эпидемиологиялык кырдаал боюнча министрлер кабинетинин кезексиз жыйынын өткөрүүнү тапшырды. Ал ошондой эле тез арада аткарууну талап кылган бир катар тапшырмаларды берди.

Пикир

Оставить комментарий