• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Министрлер кабинетинин 100 күнү: 30 мыйзам долбоору демилгеленип, парламентке жөнөтүлгөн

Өкмөт 0

Бишкек, 31.01.22. /Кабар/. 2021-жылдын 12-октябрынан 2022-жылдын 19-январына чейинки мезгилде КР министрлер кабинети тарабынан 30 мыйзам долбоору демилгеленип, Жогорку Кеңешке жөнөтүлгөн. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Белгилей кетсек, Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган 21 мыйзамдын 15ине КР президенти кол койгон (8 мыйзам эл аралык келишимдерди ратификациялоо жөнүндө).

Тез арада кабыл алууну талап кылган жана мамлекеттин социалдык-экономикалык өнүгүүсү үчүн зор мааниге ээ болгон, Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган жана КР президенти кол койгон КРнын кодекстери жана мыйзамдары:

- «КРнын 2022-жылга республикалык бюджети жана 2023-2024-жылдарга болжолу жөнүндө»;

- КРнын Салык кодекси;

- «КРнын Бюджеттик кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө»;

- «КРнын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (Жер кодекси, Токой кодекси, Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө)».

Пикир

Оставить комментарий