• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Министрлер кабинетинин 100 күнү: Алгачкы мамлекеттик инновациялык борбор түзүлдү

Өкмөт 0

Бишкек, 01.02.22. /Кабар/. 2021-жылдын 12-октябрынан 2022-жылдын 19-январына чейинки мезгилде КР министрлер кабинети тарабынан интеллектуалдык менчик жана инновациялар жаатында төмөнкү чаралар ишке ашырылды:

- инновацияларды жана стартап экосистемаларды өнүктүрүүдө уникалдуу аянтча катары саналган алгачкы Мамлекеттик инновациялык борбор түзүлдү;

- республиканын жогорку, орто жана кесиптик башталгыч билим берүү мекемелеринде бизнес-инкубаторлорду түзүү боюнча долбоорду ишке ашыруу башталды;

- бизнес-инкубаторлорду түзүү боюнча сынактын жыйынтыгы боюнча бизнес-инкубаторлордун тажрыйбасын ишке киргизүү үчүн 36 жогорку окуу жайынын ичинен 11 ЖОЖ тандалып алынган.

Пикир

Оставить комментарий