• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Министрлер кабинетинин 100 күнү: Ата мекендик продукцияны Кытай рыногуна өткөрүү боюнча жол картасы иштелип чыкты

Өкмөт 0

Бишкек, 02.02.22. /Кабар/. Азык-түлүк коопсуздугун, күнүмдүк зарыл товарлар менен камсыз кылуу жана социалдык маанидеги товарларга баалардын өсүшүнө жол бербөө максатында, эттин айрым түрлөрүнө, бодо малдын этин ташып келүүдө бажы алымдарынын ички квоталык нөлдүк ставкаларына тийиштүү Бажы бирлигинин Комиссиясынын айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) 2021-жылдын 12-ноябрындагы № 116 чечими кабыл алынды.

Бажы биримдигинин Комиссиясынын ак кантка жана чийки камыш кантына тийиштүү айрым чечимдерине өзгөртүүлөр киргизилди, анын натыйжасында Кыргыз Республикасына бөлүштүрүлгөн квотанын көлөмү жогорулатылды (ЕЭК Кеңешинин 2021-жылдын 2-декабрдагы № 140 чечими).

Ата мекендик продукцияны Кытай рыногуна өткөрүү боюнча жол картасы иштелип чыкты.

Кыргыз Республикасында электрондук коммерцияны жүзөгө ашыруу үчүн укуктук шарттарды түзүү максатында 2021-жылдын 22-декабрындагы № 154 «Электрондук соода жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы кабыл алынган жана Кыргыз Республикасында 2022-2027-жылдарга электрондук коммерцияны өнүктүрүү боюнча Программанын долбоору иштелип чыккан.

Курал-жарактарды жана аскердик техниканы, ошондой эле башка аскердик буюмдарды импорттоону жана экспорттоону лицензиялоонун тартиби жөнүндө жобо бекитилди.

Төмөнкү тыюу салуулар киргизилди:

- колдонулган катализаторлорду, шлактарды, күлдөрдү жана катализаторлордун курамындагы баалуу металлдардын калдыктарын Кыргыз Республикасынын аймагынан чыгарууга;

- Кыргыз Республикасынан Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагынан тышкары кара металлдардын сыныктарын жана калдыктарын убактылуу ташып чыгууга;

- калыбына келтирилген кагазды жана картонду (макулатура жана калдыктар) Кыргыз Республикасынан Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагынан тышкары убактылуу ташып чыгууга тыюу салынган.

Пикир

Оставить комментарий